• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы согуштун ардагери Ашир Рахматовду Жеңиш күнү менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Ашир Рахматовдон кабар алып, 9-май - Жеңиш майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Облус башчысы согуш ардагерине КР президентинин куттуктоо катын тапшыруу менен, резервдик фондунан акчалай белек тапшырды.

Ашир ата 21 жашында согушка аттанып, Сталинграддагы салгылашка катышкан. Согуштан кийинки жылдарда аймактын агартуу тармагында өмүр бою эмгектенген.

Абдикарим Алимбаев аксакалга бекем ден соолук, бакубат карылык каалап, атанын арабызда болушу дем-күч жана зор сыймык деп белгиледи.

Белгилей кетсек, жер-жерлерде, Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына КР президентинин атынан 70 миң сом, КР өкмөтүнүн атынан 20 миң сом кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул берилди. Ошондой эле ооруктун ардагерлерине 15 миң сомдон тапшырылды.

Бүгүнкү күндө облус боюнча 4 согуштун ардагери арабызда. Алар - Баткен шаарында - Ашир Рахматов, Кызыл-Кыя шаарында – Шамурат Камалов, Лейлек районунуда – Эгемберди Абылкасымов, Кадамжай районунда – Шамши Эшбаевдер.

Ошондой эле 200 тылдын катышуучусу бар.

Пикир

Оставить комментарий