• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында жол коопсуздугу жана жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 11.09.22. /Кабар/. Нарында жол коопсуздугу жана жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу облустук милицияны басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын ичинде каттаган троллейбустарга жана маршруттук микроавтобустарга жол эрежелерин туура сактоо боюнча эскертүү баракчалары берилип, жол эрежелерин туура сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан жер-жерлерде алыскы каттамга каттаган айдоочулар менен жеринде жолугушуп, ылдамдыкты, жол эрежелерин туура сактоого чакырып, профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, окуу жылы башталгандыктан ар бир мектепке бөлүнгөн кызматкерлер мектеп окуучуларына жол эрежелерин түшүндүрүү жана жол белгилерин так билүүгө үйрөтүү менен ар бир билим берүүчү мектептерде лекциялар окулуп, жол коопсуздугун алдын алуу максатында профилактикалык иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий