• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто коменданттык сааттын эрежесин бузган 30 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык сааттын эрежесин бузган 30 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, учурда коомдук-саясий абал туруктуу.

"Учурдагы абал райондук ички иштер башкармалыгы жана комендатуранын көзөмөлүндө. Ал эми эрежени бузган 30 жарандын төртөө мас абалында унаа башкангандар", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктурган жаңы 15 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 130 кишиге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыккан жана коронавирус жуктуруп алган 61 жаштагы бейтап каза болгон.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий