• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Курман айт намазы борбордук аянтта окулат

Аймак 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Курман айт намазы 28-июнда Ош шаарынын борбордук аянтында окулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, айт намазы эртең мененки саат 07:30да окулуп баштайт.

Белгилей кетсек, Бишкекте айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окулуп, саат 06.00дө башталат.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Белгилей кетсек, Курман айт майрамына байланыштуу кыргызстандыктар 28-июнда эс алат.

Пикир

Оставить комментарий