• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто эгемендик күнүнө карата көчөлөр иреттелип, тазалыкты сактоо иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Ош шаарында эгемендик күнүнө карата көчөлөр иреттелип, тазалыкты сактоо иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте, Ош шаарынын көчөлөрүн иретке келтирүү жана тазалыкты сактоо максатында жеринен көрүп чыгып, бир катар тапшырмаларды берди.

Мында негизги Ленин, Курманжан-Датка жана ички көчөлөрдөгү ирригациялык тармактардын, жашыл аянттардын абалы, имараттардын сырткы көрүнүштөрү текшерилди.

Рейддин жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга бак-дарактарды сырдоо, жол боюндагы жашыл аянттардын санын көбөйтүү, мамлекеттик, коомдук жана жеке менчик имараттардын сыртын жаңылоо, шаар көчөлөрүндө санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо, арыктарды тазалоо, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий