• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчы институту Оштогу №5 тергөө абагында кармалгандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Ош шаарындагы №5 тергөө абагынын, ошондой эле, улгайган адамдар үчүн жатак интернатта жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарга жабык мекемелердин жашоо-шарттарын жакшыртууга, ошондой эле интернат үйлөрдөгү улгайган адамдардын укуктарын эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык сактоону камсыздоого чакырган расмий документтерди жөнөттү.

Мониторингди акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаев жана Ош облусундагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жүргүздү.

Тергөө абагына барган учурда 291 адам кармалып турган. Алардын ичинен 12 аял. Ошондой эле, өмүр бою эркинен ажыратылган эки соттолгон жаран бар. Тергөө абагы 511 адамга эсептелген.

Мониториг жүргүзгөн учурда камералар ным тартып, эскирип калганы аныкталган. Бирок, кармалып тургандар кармоо шарттарына арызданышкан эмес.

Мониторинг учурунда кармалып тургандардын арасынын бешөө укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүшкөн.

Алар укук коргоо жана тергөө органдары тарабынан укуктарынын бузулушуна даттанышкан.

Камакка алынгандардын бири анын иши боюнча сот отуруму улам жылдырылып жатканына нааразы болду. Дагы бирөө жакындары менен байланышууга жардам берүүнү суранган.

Алардан башка камалгандардын бири, 40 жаштагы аял өз укугун коргоону суранып арызданды.

Ал Сириядан үч жаш баласы менен 2023-жылдын октябрында өкмөттүн программасынын негизинде кайтарылганын айтып берген. Анын айтымында, ал реабилитациялык процедуралардан өткөн.

Ошого карабастан укук коргоо органдары тарабынан 2024-жылы марттын башында кармалган. 7-мартта Кара-Суу райондук соту 7-апрелге чейин камакка алуу баш коргоо чарасын кабыл алган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси "Жалданмачылык" (1997-ж. ред.) боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча кармалган.

Аялдын кайрылуусун акыйкатчынын орун басары өз көзөмөлүнө алды. Андан сырткары, Жаныбек Жоробаев Ош шаарындагы карылар үйүнө барып, алардын жашоо шарты менен таанышты.

Мониторинг учурда интернатта жалпысынан 28 улгайган адам болгон. Алардын ичинен 15и аял, 13ү эркек. Улгайган адамдар бир бөлмөдө төрттөн жашап жатканы аныкталды. Ошол эле учурда, алар жашаган шарттарына нааразы эмес.

Ага байланыштуу Акыйкатчынын орун басары интернаттын жетекчилигин карылардын укугун камсыздоого чакырды.

Интернаттын жетекчилгинин маалыматы боюнча жаңы имаратка көчүү пландалып жатат (курулуп жатат).

Жашоочулардын бири катчынын орун басарынан 1990-1997-жылдар аралыгында иштеген жумушунан айлык акы тууралуу маалым кат алууга жардам берүүнү суранган.

Анын өтүнүчү көзөмөлгө алынды.

Пикир

Оставить комментарий