• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүй районунун бюджетинен 17,2 млн сом каржылык бузуулар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. 2022-жылга карата Чүй облусунун Чүй районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, Чүй районунда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында – 17 млн 199 миң 900 сом каржы бузуулар аныкталган.

Анын ичинде:

  • бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө, кирешелердин болгон булактарын толук эсепке албагандыктын натыйжасында, түшүүлөрдүн пландык көрсөткүчтөрү – 4 млн 282 миң 600 сомго төмөндөтүлгөн;
  • жайыт комитети тарабынан жайыт жерлерин пайдалануу үчүн алынган акынын 1/3 бөлүгү – 29,0 миң сом суммасында жергиликтүү бюджетке котрулган эмес;
  • депозиттик эсептерде 3 жылдан ашык сакталган акча каражаттары – 107,0 миң сом;
  • аткарылган жумуштун көлөмү жана курулуш-монтаждоо иштеринин наркынын жогорулатылышы – 2 млн 096 миң 200 сом;
  • эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 4 млн 916,9 сом, анын ичинде: бош кызмат орундарына кадрлар резервинде турбаган кызматкерлер кабыл алынган, аларга – 3 млн. 907 миң 500 сом эмгек акы төлөнгөн, 1млн 009 миң 400 сомго штаттан тышкаркы бирдиктер киргизилген;
  • жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилген ченемден ашыкча керектелген электр энергиясы – 115 мин 600 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана эсептөөдөгү каражаттар – 4 млн. 828 миң 500 сом;
  • каражаттарды сарптоодо тастыктоочу бухгалтердик документтерсиз – 11 миң 300 сом негизсиз эсептен чыгарылган.
  • рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 185 миң 300 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануунун ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүү – 123 миң сом;
  • мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн талаптарын жана жол – жоболорун бузуу – 504 миң 500 сом.

Чуй районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине жана уюмдарына аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий