• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектептердеги педагог-хореографтардын квалификация жогорулатылат

Маданият 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. 25-29-март аралыгында мектептердин жана мектептен тышкаркы мекемелердин педагог-хореографтары үчүн "Бийлердин көп түрдүүлүгү" хореографиясы боюнча квалификация жогорулатуу курсу өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Программа кыргыз бийинин тарыхын, элдик жана заманбап бийлердин негиздерин, курстун катышуучуларынын бий коюусу жана “Сейтек” борборунун чыгармачыл жамааттарынын концерттик программасын камтыйт.

Курстар Билим берүү жана илим министрлиги менен Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо институтунун колдоосу менен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий