• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Эл артисти Жамиля Сыдыкбаеванын 70 жылдык мааракеси белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 20.04.19. /Кабар/. Эртең, 21-апрель күнү КР Эл артисти Жамиля Сыдыкбаеванын 70 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Иш-чара Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эртең саат 18:30да башталат.

Жамиля Сыдыкбаева 1972-1979-жылдары Ош кыргыз драма театрында иштеп,1979-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келет. 2009-жылы "КР Эл артисти" наамын алган.

Жамиля Сыдыкбаева аткарган ролдор:

Н. Думбадзе "Мен күндү көрүп турам" – Хатия;
М. Касенов "Алда жаш жубайлар-ай!" – Зуураш;
Т. Абдумомунов "Абийир кечирбейт!" – Шайыргүл, Айша жеңе;
С. Ахмед "Келиндер козголоңу" – Нигара;
У. Шекспир "Ричард III" – Леди Анна;
М. Байжиев "Алтынчы күнү кечинде" – Күкүш, Сакиш;
Б. Өмүралиев "Жаңырык" – Суусар;
Ж. Садыков "Сейтек" – Айчүрөк;
К. Мамбетакунов "Омар хайямдын махабаты" – Эльпи;
Ч. Айтматов "Ак кеме" – Кемпир;
Ч. Айтматов "Саманчынын жолу" – Жер Эне;
М. Гапаров "Туздуу чөл" – Рабия;
Цагарели "Ханума" – Кабато;
В. Шекспир "Ромео менен Джульетта" – Леди Капулетти;
А. Исмаилова "Махабат жана өлүм" – Тынайым, Дудук;
Б. Жакиев "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» – Сыпайы кемпир;
А. Менчелл “Өмүр күзү” – Люсиль ж.б.

Пикир

Оставить комментарий