• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Э.Кененсаров КВНдин Азербайжан Лигасынын 4-сезонунун ачылышында алып баруучу болот

Маданият 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Күлкү күнү – 1-апрелде Гейдар Алиев сарайында КВНдин Азербайжан Лигасынын оюндарын 4-сезонунун ачылышы болот, анда «Азия MIX» командасынын капитаны Элдияр Кенесаров алып баруучулук милдетти аткарат.

Э.Кененсаров өзүнүн Instagramдагы баракчасына жазгандай, ал келинчеги менен Захи Хадиддин таң каларлык архитектуралык курулушунун – Гейдар Алиев борборунун сахнасына чыгууну кыялданып келишкен. “Мына жакында биз ал жакта болобуз. 1-апрелде Баку шаарындагы Гейдар Алиев сарайында КВНдин эбегейсиз майрамы – КВН Азербайжан Лигасынын 4-сезонунун оюндарынын ачылышы болот, кечени алып баруучу – Элдияр Кененсаров”,-деп бөлүштү «Азия MIX» командасынын капитаны.

Ошондой эле, www.1news.az сайтында Азербайжан КВНи бул жолу дагы күтүлбөгөн окуяларды даярдады: сахнага Азербайжан, Россия, Казакстандын командалары чыгат жана алардын өнөрлөрүнө жылдыздуу телевизиондук калыстар баа берет.

Концерттин хедлайнери “Баку курама” командасы болмокчу, ал азыркы учурда өзүнүн Жогорку Лигадагы биринчи оюнуна кызуу даярдык көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий