• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте дагестандык акын Расул Гамзатовдун 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Кечээ, 24-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Дагестан Республикасынын Эл акыны Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Дагестандын Элдик жыйынынын төрагасы Заур Аскендеров, Кыргызстан Калкы ассамблеясынын төрагасы Алманбет Матубраимов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Дагестан өкмөтүнүн өкүлдөрү, атайын чакырылган меймандар жана кеңири коомчулук катышты.

Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө белгилүү акын, гуманист, авар элинин сыймыктанган уулу жана Дагестандын Эл акыны Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына арналган салатанаттуу иш-чаранын катышуучуларына салам айтып, кыргыз-орус маданий диалогунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Дагестан Элдик жыйынынын, өкмөтүнүн жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ал өз сөзүндө Расул Гамзатовдун чыгармачылыгына токтолуп, андагы акылмандыкты, тынчтыкты жана тоолуктардын руханий мурасын жана ата-бабалардын улуу салттарын өзүнө сиңирип алгандыгын анын ырлары айгинелеп турганын айтып, Р.Гамзатовдун чыгармаларынын Кыргызстанда да өз окурмандары бар экенин белгилеп, чыгармачылык, адамгерчилик жана ал аралыктагы байланыштарды укмуштуудай сүрөттөп, калың элге жеткирген акындын асыл сапаттарын баса белгиледи.

Ал эми Дагестан Элдик жыйынынын төрагасы Заур Аскендеров улуу акындын өлбөс-өчпөс чыгармаларын жана басып өткөн өмүр жолун даңазалоо иштери активдүү уланып жатканын айтып, Кыргызстанда өтүп жаткан бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилеп, бардык уюштуруучуларга жана колдоого алган бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.

Андан соң Дагестандын өзгөчө маданиятынын үлгүлөрү камтылган концерттик программа менен Р.Гамзатовдун чыгармалары көркөм окулду.

Мааракелик иш-чарада акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу архивдик документтердин жана Дагестандын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү менен коштолду.

Ал эми концерттик программага "Лезгинка" бий ансамбли, "Дагестан" вокалдык тобунун, ошондой эле Дагестан опера жана балет театрынын солисттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий