• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россия Кыргызстандын жаранын Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартты

Коом 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Акыйкатчы институтунун жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен иш-аракети менен И. А. аттуу Кыргызстандын жаранын Россиядан Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартууга жетишилди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын жараны И. А. Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара кызматы тарабынан Россиянын чегинен өтүп бара жатканда кармалган. Андан соң аны Россиянын Алтай крайынын Рубцовск транспорттук прокуратурасына өткөрүп беришкен.

Россиянын укук коргоо органдарынын расмий маалыматтары боюнча, Кыргызстандын жаранын Тажикстандын укук коргоо органдарынын эл аралык издөө жарыялаганынан улам кармашкан.

Кыргызстандын жараны кармалгандан кийин Россиянын Рубцовск райондук сотунун чечими менен Алтай крайындагы тергөө изоляторуна 40 күнгө камакка алынган.

Аталган факты боюнча Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаевага этникалык кыргыздардын коомчулугунун өкүлдөрү И. А.нын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Кыргызстандын акыйкатчысы ишти өзүнүн өзгөчө көзөмөлүнө алган.

КРнын акыйкатчысы Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына КРнын жаранынын укуктарын сактоону камсыз кылуу — Кыргызстандын жаранынын Россиядан Тажикстанга экстрадициялоого жол бербөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырыгы менен кайрылды.

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын берген маалыматына ылайык, И. А. — этникалык кыргыз, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук округуна караштуу Мургаб айылында туулган.

2013-жылы Тажикстандан Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон. Андан соң этникалык кыргыз катары КРнын жарандыгын алган. Ошондон бери ал Кыргызстанда жашап жүрүп быйыл өлкөнүн чегинен тышкары иштеп келүүнү максат кылып чет жакка чыккан. Бирок Россиянын чек арасынан өтүп жаткан учурда кармалган.

Иштин материалдарын таянсак, 2013-жылы Тажикстанда И. А.га карата “Аскер бөлүгүн жана кызмат ордун өз алдынча таштап кетүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. И. А. 2010-жылдан 2013-жылга чейин Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөгөн.

Акыйкатчы институту менен КР ТИМдин биргелешкен ыкчам аракетинин жыйынтыгында, ошондой эле Новосибирск шаарындагы КРнын башкы консулдугунун активдүү катышуусу менен Кыргызстандын жаранынын укуктарын коргоого мүмкүн болду.

Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан КРнын жаранын Тажикстанга экстрадиция кылуудан баш тартуу жана бошотуу үчүн баардык далилдер берилди.

Россиянын Рубцовск транспорттук прокуратурасы И. А.ны коргоо боюнча баардык жүйөөлөрдү кабыл алды жана РФнын мыйзамдарына ылайык, И. А.ны кылмыш жоокерчилигине тартуу үчүн кармоо мөөнөтү 2019-жылдын 6-августунда аяктаганы тууралуу токтом чыгарды.

Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы аны бошотуу чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий