• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облустук соту 2021-жылдын жарым жылдык жыйынтыгын чыгарды

Коом 0


Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-августта КР Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Качыке Эсенкановдун катышуусунда 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Ош облусундагы жергиликтүү сотторунун ишинин жыйынтыктары боюнча видеоконференция режиминде жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ЖС басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Койчубек Жобонов, Эльнара Мадмарова, облустук сотунун судьялары жана биринчи инстанция соттордун төрагалары, Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Байкишиев жана Ош облустук сот приставдар кызматынын улук сот приставы Уларбек Жунусовдор катышышты.

Ош облустук сотунун соттук коллегияларынын төрагаларынын орун басарлары 2021-жылдын жарым жылдык ишмердүүлүгүн 2020-жылга салыштырып, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.

Жазык иштер боюнча Ош облусунун жергиликтүү соттор тарабынан 744 жазык иш, 4 миң 482 жазык иштер боюнча соттук материал жана тергөө судьялары тарабынан каралган соттук материалдар, 386 жоруктар жөнүндө иштер, 16 бузуулар жөнүндө иштер каралып, ал эми областтык сотко апелляциялык тартипте даттануу менен 157 жазык иш, 141 жазык иштер боюнча соттук материал жана тергөө судьялары тарабынан каралган соттук материалдар, 52 жоруктар жөнүндө иштер каралган.

Жарандык жана экономикалык иштер боюнча 2021-жылдын жарым жылдыгында жергиликтүү соттор тарабынан 6 миң 878 жарандык жана экономикалык иш, 568 жарандык иштер боюнча соттук материалдар каралып, ал эми облустук сотко апелляциялык тартипте даттануу менен 461 иш каралган.

Ал эми административдик иштер боюнча 2021-жылдын жарым жылдыгында 367 административдик иштер каралып, ал эми апелляциялык инстанцияда 213 иш каралган.

Жыйындын соңунда Ош облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев кеңешмени жыйынтыктап, Ош облустук сотунун жана жергиликтүү соттор тарабынан 2021-жылдын жарым жыл ичинде бардыгы болуп 13 миң 411 иш каралып, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 4 миң 364 ишке, башкача айтканда 48% көп каралган. Анын ичинен 1 миң 24 иш даттанылып, салыштырмалуу 2%га аз даттанылган.

Пикир

Оставить комментарий