• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Тилек-Турбаза конушунда газ түтүктөрүн тартууга тоскоол болгон курулуштар алынды

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бишкектеги Ак-Тилек-Турбаза конушунда тиешелүү документтери жок курулган чарбалык курулуштар жана тосмолор алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган курулуштар газ түтүктөрүн тартууга тоскоол болгон.

Ошондой эле Свердлов районундагы №43, 44 кварталдарын газдаштыруу иштери уланууда. Бул жерге 11 чакырымдан ашык газ түтүктөрүн орнотуу пландалууда.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Свердлов районунун 4 конушунда – Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза жана Бакай-Ата конушунда газдаштыруу иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий