• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нооруз майрамында 12 миңден ашык милиционер коомдук коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Ноорузга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү күндөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы Ноорущла күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Көчөлөрдө жана коомдук жайларда милициянын кезметтери күчөтүлөт.

Өздүк курамга тескемелер өткөрүлүп, кыраакылыкты көрсөтүүгө жана ыкчам чара көрүүгө тапшырмалар коюлду. Коомдук тартипти сактоо боюнча иш-чараларга тартылган ички иштер органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын эсептери бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий