• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Осмоналиев Азербайжандын жаштар жана спорт министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы жана Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын жаштар жана спорт министри Фарид Гаибов менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Кайрат Осмоналиев министр Фарид Гаибовго көркөм гимнастика боюнча кыргызстандык спортсмендерди Бакуда өткөн эл аралык мелдештерге катышуусуна көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып азербайжандык спортчулар үчүн машыгуу жыйындарын өткөрүү, ошондой эле спорттун ар кандай түрлөрү боюнча эки өлкөнүн курама командаларынын жолдоштук беттешүүлөрүн өткөрүү келечегин карап чыгууну сунуштады.

Азербайжандын жаштар жана спорт министри Фарид Гаибов спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндө эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле көп тараптуу форматтарда, атап айтканда Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий