• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто төрөлгөн үч эмге Мүрөк, Мөлтүр жана Айдар деп ысым коюшту

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Ош шаарындагы облустар аралык ооруканасында 7-мартта үч эм төрөлгөн — бири кыз, эки эркек. Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров үч эмдин энеси Айсана Султановадан кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэрдин орун басары эне-бала саламаттыгын сураган соң, Ош шаарынын мэринин атынан куттуктап, 50 миң сом тапшырды.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга, Мүрөк, Мөлтүр, Айдар деген ысымдар берилди. Айсана Султанованын үй-бүлөсүндө эми 5 уул, 2 кыз бар.

Пикир

Оставить комментарий