• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Ош” базарында чыккан өрт чектелди. Өрттүн жалпы аянты 2000 чарчы метрди түздү

Коом 0


Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Бишкектеги “Ош” базарындагы “Берекет” соода базарында чыккан өрт таңкы саат 07:40 чектөөгө алынган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан өрттүн жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түзгөн.

Өрт тууралуу билдирүү болжол менен түнкү саат 03:50 чамасында түшкөн.

Учурда жеринде куткаруучулар өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий