• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде ККМ аппаратын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү көчмө кабалдама менен базарларды, көмүр саткан жерлерди аралап, соодагерлерге товарлардын баасын көтөрбөө, ККМ аппараттарын колдонууну түшүндүрүп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында, уурулуктарга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин өткөрүүдө.

Бир күндүк иш-чаранынын жыйынтыгында 4 соодагерге эскертүү актыларын, ал эми укук бузгандарга КР Укук бузуулар кодексинин негизинде 7 протокол толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий