• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстан саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты арттырат

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев 2023-жылдын Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Амрилло Иноятов менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана саламаттыкты сактоо жана фармацевтика тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты.

Элчи Жаманбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын аталган тармактардагы кызматташтыгын канааттануу менен белгилеп, бир катар уникалдуу операцияларды жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле мамлекеттик клиникаларда дарыгерлер менен медайымдардын тажрыйбасын жогорулатуу аркылуу эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле ал медициналык туризм, фармацевтика чөйрөсүндө кызматташууну жөнгө салуу жана эки өлкөнүн медициналык жогорку окуу жайларынын ортосунда өз ара аракеттешүүнү орнотуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде министр Амрилло Иноятов өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин ырастап, өзбек тарап саламаттык сактоо тармагында биргелешкен Жол картасына кол коюуга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле өзүнүн кесиптеши КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди Өзбекстанга чакырып, "Кыргыз-Өзбек медициналык форумун" уюштурууну сунуштады.

Жыйынтыгында Кыргызстанда Өзбекстандын "Саламаттык сактоо күндөрүн" өткөрүүнү сунуштап, анын алкагында жогорку технологиялык операцияларды, ошондой эле жер-жерлерде медициналык текшерүүлөрдү жана жергиликтүү дарыгерлер үчүн мастер-класстарды өткөрүүгө болору белгиледи.

Тараптар саламаттык сактоо жана фармацевтика маселелеринде эки өлкөнүн өз ара аракеттешүүсүн илгерилетүү ниетин ырастап, үзгүлтүксүз байланышта болууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий