• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК төрагасы Ташиев: Мындан ары мамлекетте мыйзамдуулук гана болот (видео)

Коом 0


Бишкек, 03.12.23. /Кабар/. Мындан ары мамлекетибизде мыйзамдуулук гана болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарынын маданият үйүнүн жаңыланган имаратынын ачылышында билдирди.

УКМК башчысы чогулган жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолдду.

"Коррупционерлер мамлекетте эң урматтуу адамдар болуп калган. Коррупционерлер - булар мамлекеттик органдардын башына келип алып, өлкөнүн, элдин ырыскысын талап тоноп жегендер. Бул мода болуп кеткен. Аким, губернатор, министр, же болбосо башка "майлуу" кызматтарга максаттуу түрдө "жегенге" барып калышкан. Пара берип мамлекетто тоногон жөнөкөй көрүнүшкө айлана баштаган. Мындан ары андай болбойт. Мамлекетти тоногондорду, коррупцияга берилгендерди, жогорку кызматтарда отуруп алып элдин ырыскысын жегендердин баарын түрмөгө камадык. Мындан ары да ушундай болот", - деди ал.

Ташиев эми мамлекеттик кызматка келип иштейм дегендердин бир гана максаты болорун баса белгиледи. Бул - элге кызмат кылуу.

"Коррупцияга аралашып, туура эмес иштерди жасагандардын жазасын беребиз. Мындан ары мамлекетибизде мыйзамдуулук гана болот. Мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылат, мыйзамды сыйлаган адамды мамлекет да сыйлайт", - деп баса белгиледи Камчыбек Ташиев.

Видео: Region телеканалы

Пикир

Оставить комментарий