• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көк-Жаңгак шаарында маданият үйү толугу менен жаңыланды — сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 03.12.23./Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарынын тарыхый жайларынын бири болгон маданият үйү толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, шаар тургундарына пайдаланууга берилди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

"Жаңыланган маданият үйү сиздер үчүн кылымдар бою жакшылыктарга кызмат кылып, таланттуу уул кыздардын ордосуна айланган ак жолтой имараттын бири болсун", — деди Камчыбек Ташиев.

Ал курулуш иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөнүн, кийин дагы бир топ жаңы объектилердин курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырыларын баса белгиледи.

Имарат буга чейин авариялык абалда болуп, иш-чараларды өткөрүү кыйынга турган. Жергиликтүүлөр маданият үйүнө көңүл бурууну суранып келишкен. Жалпысынан маданият үйүнө 12 млн 750 миң каражат кеткен.

Белгилей кетсек, Көк-Жаңгак шаарындагы маданият үйү 1947-жылы курулган. Мурда шахта башкармалыгынын карамагында болуп, 2011-жылы гана маданият бөлүмүнө өткөрүлгөн. Анын ичинде 500 орундук концерт өткөрүлүүчү зал, музей, бий залы бар.

Пикир

Оставить комментарий