• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Жалал-Абад Тазалык" мекемесине таштанды жыйноочу унаалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-июлда "Жалал-Абад Тазалык" муниципиалдык мекемесине таштанды жыйноочу 4 унаанын ачкычтарын Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды.

Жалал-Абад мэриясынын басма кызматы билдиргендей, жаңы техникаларды сатып алууга 28 млн сом жумшалган. Анын 12 млн сому жергиликтүү бюджеттен болсо, калган каражат "Жаратылышты өнүктүрүү" фонду тарабынан каржыланган.

Белгилей кетсек, аталган мекемеге жыл башынан бери 8 жаңы техника тапшырылды. Алардын экөө жергиликтүү бюджеттен, калгандары облустук өнүктүрүү фонду жана "Жаратылышты өнүктүрүү" фонддору тарабынан берилген.

Пикир

Оставить комментарий