• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде прокурордук сунуштун негизинде 8 унаа мамлекетке алынды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Прокурордук сунуштун негизинде 4,1 млн сомго бааланган 8 автоунаа мамлекеттин менчигине алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүндө (САКБ) жана башка тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда 2022-2023-жылдар аралыгында соттор тарабынан каралып, күчүнө кирген соттук актылар боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө Баткен райондук САКБнүн сот аткаруучуларынын мыйзамсыз аракеттеринен жана өздөрүнүн функционалдык милдеттерин мыйзам талабына ылайык жүзөгө ашыра албагандыктан күчүнө кирген соттук актылар аткарууга алынбай, негизсиз создуктурулуп, анын натыйжасында 2022-жылы жергиликтүү соттор тарабынан 8 автоунаа бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилбей, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен райондук жана Баткен шаардык башкармалыктарынын карамагында мыйзамсыз кармалып тургандыгы аныкталган.

Жогорудагылардын негизинде аталган мыйзам бузуучулуктарга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 4 млн 124 миң сомго бааланган 8 автоунаа Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилип, мамлекеттин менчигине кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий