• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аксыда Кербен–Кара-Жыгач–Сары-Челек унаа жолун асфальттоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Аксы районунда Кербен–Кара-Жыгач–Сары-Челек унаа жолун асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, №12 жол тейлөө мекемесинин билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күндө Кербен–Кара-Жыгач багытындагы авто жолдун эскилиги жетип, утурумдук жамоого болбой калган 1 км аралыгын толук жаңыдан асфальттоо жумуштары башталды, ал эми калган жолдорду утурумдук жамоо иштери дагы улантылууда.

"Быйылкы жылы район аймагында 30 километрден ашык жолго жаңыдан асфальт басылат, эртеңден баштап Кербен–Үч-Коргон ГЭСи унаа жолуна дагы утурумдук жамоо иштери, ал эми жакынкы күндѳрү асфальттоо иштери башталат", - деп маалымдайт райондук администрация.

Пикир

Оставить комментарий