• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда менталдык арифметика боюнча ийгилик жараткан окуучулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова Түркияда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада биринчи орунду багынткан окуучуларды кабыл алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган олимпиадага Жалал-Абад шаарынан 5-6-класстарда окуган 10 окуучу катышып, 8и биринчиликти багындырган.

Окуучуларга вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова шаар мэринин атынан Ыраазычылык баракчаларын тапшырып, мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий