• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айрым муниципиалдык кызматтар электр мештерин уруксатсыз колдонууда - Энергетика министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясына караштуу «Бишкексвет» муниципиалдык кызматы уруксат берүүчү документи жок электр мештерин орнотуп, жылытуу үчүн колдонууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишканалардын электр кубатын мыйзамдуу колдонушун текшерген жумушчу топтун өкүлдөрүнүн айтымында, техникалык шарт боюнча 20 киловаттка гана уруксат берилген, бирок иш жүзүндө 100 киловатт электр энергиясын уруксаты жок пайдаланууда.

«Бишкексветтин» башкы кеңсенин электр энергиясын жылытуу үчүн колдонууга документ берилген эмес жана борбордук жылытуу системасына туташтырылган эмес. Аталган учур боюнча акт түзүлдү жана электр мештери өчүрүлүп, пломба басылды.

Эскерте кетсек, Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен учурда жумушчу топ жеке ишканалардын электр энергиясын пайдаланууга уруксат берилген документи менен иш жүзүндө колдонулган кубаттуулугун текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө.

Натыйжада айрым ишканалар документ түрүндө уруксат берилген кубаттуулуктан ашык колдонуп жатканы ачыкка чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий