• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжай районунда 4,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Кадамжай районунда 4,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облус аймагында "МАК - 2022" иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат.

"Жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иштөө тобун түзүп, иш алып барууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Кадамжай шаарынын Каңды, Үч-Коргон айылынын Боз аймагындагы талаа жана үлүш жерлерде жапайы өскөн 4,5 тоннага жакын кара куудай жок кылынган.

Пикир

Оставить комментарий