• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында бала бакчалардын ишине көзөмөл жүргүзүү башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Ош шаарында 1-февралдан тарта бала бакчалардын ишине көзөмөл жүргүзүү башталды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ вице-мэр Венера Рыскулова баштаган тиешелүү тармактардын өкүлдөрү Жапалак айыл аймагындагы "Актан" бала бакчасына барды. Эми аталган бала бакчага мониторинг жүргүзүлөт.

Анын алкагында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана талаптар, мекеменин балдарга берген тамак-ашы, азык-түлүктүн сапаты, ашкана персоналынын талаптарга ылайык иштегени текшерилүүдө. Текшерүүнүн жүрүшүндө санэпид адистери тарабынан бала бакчанын ашканасынын кызматкерлери тарабынан тамак-аштын сапаты жана санитардык-гигиеналык эрежелер боюнча бир катар бузуулар аныкталды. Ошондой эле аталган бала бакчанын ишмердүүлүгүнө жана балдарды кабыл алуусуна талдоо жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, шаардын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишине мониторинг жыл сайын бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп келет. Буга тамак-аштын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына нааразы болгон ата-энелердин көптөгөн кайрылуулары себеп.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий