• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы 10 ай аралыгында аткарылган иштер тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев облус аймагында 2023-жылдын он ай аралыгында аткарылган жумуштар, учурдагы иш-аракеттер жана алдыдагы пландар боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы жыл башында Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүктүн 13 тармактагы, 96 пункттан турган иш-аракеттер планы бекитилгенин белгиледи.

Өкүл алар экономика, өнөр жай тармагын өнүктүрүү, инвестициялык климат, энергетика, айыл чарбасы, транспорттук-логистикалык инфратүзүм, социалдык тармак, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана маданият тармактары экенине токтолду.

Жыйында бул жылдын 10 айында Жалал-Абад облусу боюнча 39 млрд 732 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 109,6 пайызды камсыздаганын маалымдалды.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү район-шаарларда аткарылган жана алдыдагы ири долбоорлор боюнча айтып өттү.

Ошол эле учурда он айда аймактарда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 11 млрд 481,3 млн сом болсо, аткарылганы 12 млрд 039,8 млн сом болуп, жалпы көрсөткүч 104,9 пайызга жеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 558,5 млн сомго кѳп экенин кошумчалады.

Өкүл 2023-жылы Жалал-Абад облусунда социалдык-экономикалык, айыл чарбасы, өнөр жай, жаңы ишканаларды ачуу, жумуш орундарын түзүү, тышкы соода жүгүртүү, бюджеттин аткарылышы жаатында алгылыктуу жумуштар жасалганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий