• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Канат Жумагазиев иш сапары менен Жайыл районуна барды

Аймак 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев иш сапары менен Жайыл районуна барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш сапарынын алкагында ал Жайыл районунун 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын жана 2024-жылга коюлган тапшырмаларды талкулоо максатында уюштурулган коллегиянын жыйынына катышты.

Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев өткөн жылдагы жетишкендиктер жөнүндө маалымат берип, ошондой эле райондун келечектеги пландары тууралуу ой бөлүштү. Андан тышкары, айыл өкмөт башчылары, башка мекеме-уюмдардын жетекчилери дагы аткарган иштери тууралуу маалымат беришти.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү өкмөт облусту өнүктүрүү үчүн олуттуу каражаттарды бөлүп берип жаткандыгын баса белгилеп, тиешелүү жетекчилерди социалдык-маданий объектилерди курууга активдүү катышууга, өнөр жайды өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга чакырды.

Ошондой эле Канат Жумагазиев билим берүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарыл экендигин айтып, райондук кызматтарга мектептердеги зомбулуктун деңгээлин көзөмөлдөө жана өспүрүмдөр арасында суицидди алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл экендигин эскертти.

Ыйгарым укуктуу өкүл акимдерге ар бир айылга парктарды куруу процессин катуу көзөмөлгө алууну тапшырды. Мындан тышкары, экономикалык өнүгүүнүн маанилүүлүгүн, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын соңунда мыкты делген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканаларынын жетекчилерин жана администрация кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий