• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлекте милиция кызматкерлери сууга чөгүүлөрдүн алдын алууда

Аймак 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Лейлек районунда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактысынын алдына алуу боюнча күн сайын иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери кооптуу жерлерге эскертүү тактайчаларын, банерлерди орнотууда.

Анын алкагында Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Фергана, Арка, Достук каналдарында көзөмөлсүз, өз алдынча сууга түшүп жаткан жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле каналдардын бойлорунда жашаган үй-бүлөлөр менен профилактикалык иштерди өткөрүп, эскертүү актылары берилүүдө. Милициянын көчмө кабылдамасында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте атайын рейддер уюштурулуп, кооптуу каналда сууга түшүп жаткан 9 өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелерине эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле канал бойлорунда жашаган 42 кожолук текшерилип, 97 чоң жаран, 23 өспүрүмгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Лейлек районунунда жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп каза болгон 1 фактысы катталган.

Пикир

Оставить комментарий