• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунун калктуу конуштарында дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Чүй облусунун калктуу конуштарында дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, коронавирус илдетинин жайылуу коркунучунан улам Жарандык коргоо боюнча облустук штаб кошумча коопсуздук чараларды жүргүзүүдө.

"COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын бири катары калктуу конуштарда санитардык жана дезинфекция иштери жүргүзүлө баштады", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн Чүй облустагы өкүлчүлүгү жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле элдерди үйдөн чыкпоону жана балдарга өзгөчө көңүл бурууну суранат.

Учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 14 кишиге жетти. Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур тууралуу 18-мартта белгилүү болгон. 22-марттан тарта Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий