• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын “Керме-Тоо” МАБнын аймагында тез жардам бекетинин филиалы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.23./Кабар/. Бүгүн Ош шаарында “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкаруусуна караштуу “Анар” кичи районунун Кулатов көчөсүндө тез жардам бекетинин жаңы филиалы ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жерде медициналык кызматкерлердин эки бригадасы иш алып барат.

Оштун мэринин орун басары Нурбек Кадыров жаңы ачылган тез жардам филиалына барып, медициналык кызматкерлерди анын ачылышы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарында “Амир-Тимур” аймагындагы №11 ҮДБда жана “Манас-Ата” МАБнын аймагындагы кургак учук диспансеринде тез жардам филиалдары ачылган.

Жалпысынан Ош шаарында — 52 бригада, 24 тез жардам унаалары бар.

Пикир

Оставить комментарий