• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө оңдоодон өткөрүлгөн административдик имарат пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Чүй районунун Чүй айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн административдик имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Толугу менен оңдоодон өткөрүлгөн административдик имараттын ачылыш аземине Чүй облусунун башчысынын биринчи орун басары Самат Исманов катышты.

Белгиленгендей, аталган имарат 1981-жылы курулуп, мурун Айыл чарба министрлигинин карамагында болгон. 2022-жылы Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүп берилип, 2023-жылдын апрель айында республикалык бюджеттен капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 7 млн сом каражат бөлүнгөн.

Өзүнө 13 бөлмөнү камтыган имаратта райондук агрардык өнүктүрүү жана салык кызматынын райондук башкармалыктары жайгашмакчы.

Самат Исманов белгилегендей, мамлекет аймактагы социалдык-маданий объектилерди курууга бир топ каражаттарды бөлүп, административдик имараттарды жаңылоого дагы өзгөчө көңүл бурууда. Бул Чүй облусунун жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө болгон биргелешкен умтулуунун бир бөлүгү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий