• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кооптуу аймакта жашаган эл менен жолугуп, коопсуз аймакка көчүп чыгуу боюнча эскертме беришти.

Белгилей кетсек, район аймагында 768 үй-бүлө жер көчкү жүргөн кооптуу аймакта жашап келет. Жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн башка аймакка көчүрүү тапшырмасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана айыл аймак башчыларына жүктөлүп, жакынкы аралыкта көчүрүп чыгуу аракети колго алынат.

Пикир

Оставить комментарий