• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында соңку үч айда 20 жаран кургак учукка чалдыккан

Аймак 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Жалал-Абад шаарында соңку үч айда кургак учукка чалдыккан 20 жаран катталганы белгиленип, алардын 17си чоңдор, 3ү өспүрүмдөр экени айтылды.

Гүлбарчын Таштанбекова оорунун алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий