• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги Улуттук тарых музейинде комуз чертүү боюнча мастер-класс өттү

Маданият 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде, салттуу музыка жумалыгынын алкагында Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, комузчу Саадабай Шабдановдун “Комуз чертүүдөгү кол ойнотуулар жана шилтемдер” мастер-классы өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, күү залкарлары катышкан иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.

Анда комузчу Саадабай Шабданов комуз чертүү ыкмасы тууралуу кенен маалымат берип, өзүнүн аткаруусундагы күүлөр аткарылды.

Иш-чаранын алкагында эл аралык музыка жана бий конгресси жыйынтыкталып, чет өлкөдөн келген катышуучуларга министрликтин ыраазычылык каттары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий