• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токмокто дайынсыз жоголгон 26 жаштагы Амангелди Усубалиев изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Токмок шаардык милициясы дайынсыз жоголгон 26 жаштагы Амангелди Усубалиевди издөөдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Усубалиев 20-апрелде Токмок шаарынын 1-кичирайонундагы үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 175-180 см, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң, чачы кара жана кыска.

Кийими: күрөң түстөгү кепка, кара куртка жана свитер, спорттчук шым жана бут кийим.

“Амангелди Усубалиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 701 15 35 12 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий