• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Каракол дүйнөдөгү туруктуу туристтик дестинациялардын ТОП-100 тизмесине кирди

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Каракол шаары дүйнөдөгү туруктуу туристтик дестинациялардын ТОП-100 тизмесине кирди. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, детинациялардын тизмесин аныктаган "Green Destinations" конференциясы 9-октябрда Эстониянын Таллин шаарында өттү.

"Бул маанилүү иш-чара Кыргызстандын жана анын багыттарынын туризмди туруктуу өнүктүрүүдөгү аракеттерин жана туруктуулуктун эл аралык принциптерине берилгендигин баалайт", - деп айтылат маалыматтта.

Жыл сайын глобалдык "Green Destinations Top 100 Stories" конкурсу дүйнө жүзү боюнча эң мыкты тажрыйбаларды жана дем берүүчү окуяларды топтойт. Бул окуялар туризм тармагындагы башка адистерге да, саякатчыларга да үлгү болот.

Бул окуянын Топ-100 Дүйнөнүн туруктуу дестинациясынын ийгиликтүү окуялары — 2023 тизмесине кирүүсү Караколдун туруктуулукка жана жоопкерчиликтүү туризмге умтулуусун дагы бир жолу ырастайт. Окуя алардын эмгегин гана эмес, биздин сезонго карабастан туристтик мүмкүнчүлүктөрдү түзүү милдетибизди да чагылдырат.

Бул аракеттер Кыргызстандын туристтик мурасын байытат жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, аймактын экономикасын чыңдоого салым кошот.

Маалымат үчүн: Green Destinations – бул туруктуу туризм боюнча глобалдык Кеңеш тарабынан аккредитацияланган жана туруктуу туризмдин принциптерине ылайык иш алып барган туристтик дестинацияларды мониторингдөө, өнүктүрүү жана сертификациялоо тармагында иштеген эл аралык уюм.

Уюм туруктуу туризм боюнча эксперттерди, кеңешчилерди жана коммерциялык эмес уюмдарды бириктирген бир катар глобалдык программаларды башкарат. Бүгүнкү күндө 450дөн ашык багыттар жана 50 өлкөдөн 60 ишкана уюмдун программаларына катышууда. Уюм туризмди сапаттуу жана туруктуу кылууга умтулат.

Пикир

Оставить комментарий