• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Чаек айылындагы Алыбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Чаек айылында жайгашкан М.Алыбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, азыркы тапта 380ден ашуун окуучу билим алган мектептин имараты 52 жыл мурун курулуп, азыркы тапта капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Мугалимдер менен баарлашууда практикалык иштерди жүргүзүүгө керектүү жабдуулардын, түрдүү лабораториялык куралдардын жоктугу негизги көйгөй катары айтылды.

Парламенттин төрагасы мектепти жаңылоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо ишин тиешелүү жетекчилерге табыштап, окуучулардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна керектүү шарттарды түзүү башкы маселе экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий