• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл “Унаанын” аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 20 сөгүш жана 13 эскертүү жарыяланган

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. 20-апрелде ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнүн 2022-жылдын 1-чейрегиндеги жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоев, анын орун басарлары, бөлүм башчылары катышты.

Жокоевдин айтымында, 2022-жылдын 1-чейрегинде транспорт каражаттарын каттоо/кайра каттоодо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө мыйзамдарды бузуу боюнча фактылар “Унаа” мекемеси тарабынан табылып, юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына үч материал өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле “Унаа” мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн жана секторлорунун айрым кызматкерлерине карата тартиптик жазалар колдонулуп, 20 сөгүш жана 13 эскертүү жарыяланды. 17 кызматкер менен эмгек келишимдер токтотулду. Жалпы 50 тартиптик жаза колдонулду.

Пикир

Оставить комментарий