• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жети мектеп, эки бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Ошто учурда жети мектептин жана эки бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. Аталган социалдык обьектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев таанышып чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мэр Тээке айылындагы 275 орундуу Мырзаев атындагы №45 мектептин, 275 орунга ылайыкташкан мектептин, 75 орундуу бала бакчанын, №3 мектепке кошумча 500 орундуу имараттын курулушу жана 625 орундуу мектептин курулуш иштери менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө шаар башчысы имараттарды курууда өзгөчө пайдаланылып жаткан материалдардын сапатына көңүл бурууга чакырып ар бир курулуш иши анын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

“Ош шаарында курулуп жаткан ар бир социалдык обьекти сапаты жагынан эң жогорку көрсөткүчтө турушу керек. Мындан улам, курулуштун сапаты менин жеке көзөмөлүмдө болуп жатат. Социалдык обьектилер булар негизинен балдарга арналган имараттар андыктан курулуш иштеринде саппаттуу, экологиялык жактан таза, сертификатталган курулуш материалдары колдонулушу зарыл. Мисалы эшик, терезелер сапаттуу жыгачтардан даярдалышы керек. Бул - биздин жана сиздердин балдарыңыздар, келечек үчүн көрүлүп жаткан камкордук. Келечек муундарга кам көрүү биздин милдетибиз деп ойлойм”,-деди мэр.

Мындан тышкары Айтмамат Кадырбаев социалдык обьектилерди бүтүрүү убактысын дагы тездетүүнү тапшырды.

Учурда Ош шаарында 6 бала бакча курулуп ишке берилген, дагы эки бала бакча сентябрь айында балдарды кабыл алып баштайт. Үч жыл аралыгында 8 бала бакча курулган. Бүгүнкү күнү эки мектеп курулуп ишке берилди. Ал эми учурда 7 мектептин курулуш иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий