• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүз районундагы орто мектепке 5 даана компьютер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы Б.Исмаилов атындагы орто мектепке 5 даана персоналдык компьютер тапшырды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, компьютерлер орто мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, оптималдуу шарт түзүп берүү максатында берилди.

Белгилей кетсек, Б.Исмаилов атындагы орто мектебинде ушул тапта 215 окуучу билим алып, 24 мугалим эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий