• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү уланууда

Аймак 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тиешелүү адистер менен биргеликте бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү улантышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда бала бакчалардын санитардык абалы, азык-түлүктөрдү сактоо нормалары, балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты жана кышка карата даярдыгы текшерилди.

Кыдыруу учурунда отказандар жана жылытуу системаларынын абалы каралып, бакчалардын дээрлик 100 % кышка даяр экендиги белгилүү болду.

№19 “Коңгуроочо”, №17 “Каакым” жана №33 “Бермет” балдар бакчасында балдардын саны сыйымдуулукка караганда көп экендиги белгилүү болду.

Ал эми №10 “Барчын” балдар бакчасынын имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгы айтылды. №33 “Чабалекей” балдар бакчасынын эшик-терезелерин жаңылоо зарылдыгы белгиленсе, № 6 “Ак кайың” балдар бакчасында эмеректердин эскилиги жеткен.

Ошондой эле №31 “Наристе” балдар бакчасында балдар ойноочу аянтча жаңыланууга муктаж болсо, № 22 “Алтын тепкич” балдар бакчасынын азык-түлүк сактоочу кампасынын жоктугу көйгөй жаратып жаткандыгы белгилүү болду

Эл өкүлдөрү айтылган көйгөйлөр боюнча сунуш-пикирлерди эске алып, маселени келерки сессияда кароону убадалашты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык балдар бакчасы болсо, аларда 4 миңден ашуун бала тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий