• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта фермерлерге малды жасалма уруктандыруу боюнча бекер семинар өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти фермерлерге "Малдарды жасалма жол менен уруктандыруу" темасында акысыз семинар өткөрөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окутуу Сокулук районундагы Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун Биотехнология лабороториясынын базасында өтөт.

"Семинарга ветеринар адистер жана фермерлер катыша алат. Окутуунун жыйынтыгында атайын тест берилет, тесттен өткөн фермерлерге сертификаттар тапшырылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, өтүнмө документтерди тапшыруу 2024-жылдын 30-январына чейин кабыл алынат. Сурап билүү телефондору: 0312-65-53-27, 0550050859, 0551148157.

Пикир

Оставить комментарий