• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы 70 миңден ашуун адам салык сабаттуулугу боюнча сабактарга катышты

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. 2023-жылы салык сабаттуулугун жогорулатуу максатында бир катар окутуу иш-чаралары өткөрүлп, ага 70 миңден ашуун адам катышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар ар кандай курактагы топторду жана калктын билим деңгээлин камтыды.

Мисалга алсак, республиканын 660 жалпы билим берүүчү мектептеринде 60 миң 159 окуучунун катышуусунда салык сабаттуулугу боюнча сабактар өткөрүлдү. Салык кызматкерлери окуучулар менен өз ара аракеттенүүнүн кызыктуу методикаларын колдонуу аркылуу салыктар, бюджет жана мамлекеттин кирешесинин түзүлүшү жөнүндө айтып беришти.

Студенттер үчүн салык теориясын өркүндөтүүгө багытталган конок лекциялар, конкурстар жана брейн-рингдер уюштурулду.

Өткөн жылы 4 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн оюн аркылуу тренингдер өткөрүлүп, анда балдар салык төлөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Алар катышкан видеолор социалдык тармактарга жарыяланды.

Ачык эшик күнүнө 10 миңден ашуун адам катышып, анда жаштар жана жаш ишкерлер аймактык салык органдарынын иши менен таанышышты. Салык кызматынын адистери "Салык төлөөчүнүн кабинетинин" иши жана заманбап электрондук салыктык кызматтар жөнүндө маалымат беришти.

Бул иш-чаралар салык мыйзамдарын жакшыраак түшүнүүгө жана салыктарды төлөөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого өбөлгө түзүп, салык сабаттуулугун жана маданиятын калыптандырууга багытталган. Бул көндүмдөрдү өнүктүрүү республиканын салык системасы менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү сабаттуу, өз алдынча жана жоопкерчиликтүү жарандардын жаңы муунун түзүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий