• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экономика министринин орун басары Корея элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда Санжарбек Болотов Корея Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин, аны менен достук, ишенимдүү мамилелер түзүлүп, кеңири чөйрөдө тыгыз кызматташтык түзүлүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле Корея тарапка Кыргызстанды Кореядан өнүктүрүү боюнча расмий жардам алуу үчүн артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине кошкондугу жана Кыргызстанга кабыл алынган жардам көрсөтүү стратегиясы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал тартылган тышкы жардамдын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жагынан кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Ли Вонджэ эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, 2024-жылы Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 6-жыйынынын өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмүн, туристтик агымдарды жана бизнес байланыштарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү каттамдардын санын көбөйтүү пландары тууралуу маалымат берди.

Тараптар өз ара сооданын өсүү темпи оң экендигин белгилешти, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соодада орун алган олуттуу дисбалансты азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар республикада чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары бизнестин кызыкчылыктарын колдоо, коргоо жана илгерилетүү механизмдерин сунуштады.

Тараптар ошондой эле Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) аркылуу кызматташуу маселелерин, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу, тышкы жардамды тартуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий