• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы "Бавария" жайкы кафеси бузулууда

Аймак 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Ош шаарындагы Курманжан-Датка, 243/1 дарегинде жайгашкан “Бавария” жайкы кафеси бузулууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Мэрия шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, тургундарга, келген конокторго ыңгайлуу шарт түзүү жана С.Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драма театрынын айланасын ирээтке келтирүү максатында ижарачысы менен түзүлгөн келишимин жокко чыгарды.

Учурда муниципалдык менчиктеги жер тилкесин бошотуу иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин ижарачыга келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн эскертүү берилген. Курулуш жеке ишкердин өз эсебинен бузулууда.

Пикир

Оставить комментарий