• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Илбирс» футболдук клубу жаңы оюнчулар менен толукталды

Спорт 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. «Илбирс» футболдук клубу жаңы оюнчулар менен толукталды, деп билдирет Кыргыз профессионалдык футбол лигасы.

Футболдук клуб ижара келишиминин негизинде «Абдыш-Ата» клубунан Азамат Ташбалтаев менен дарбазачы Өскөн Баратовду өз курамына алды.

Ошондой эле, А.Момунов атындагы футбол академиясынын жарым коргоочулары - Фарук Касымов менен Нижибиллох Алижанов «Илбирс» клубунун курамына кошулду.

Пикир

Оставить комментарий